Ысык-Көлдө пансионаттагы коттедж толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрткө каршы-куткаруу кызматы Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан "Париж" пансионатындагы 300 чарчы метр аянттагы коттеджде чыккан өрттү өчүрүштү. Өрт саат 16:57де чектөөгө алынып, саат 18:27де өчүрүлдү. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.