Айдоочулардын эсине. Ашууларда, капчыгайларда кар көчкү түшүшү күтүлөт

7-8-февраль күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Мындай аба ырайына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертет.

Тактап айтканда, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Ала-Бел, Чычкан капчыгайында, ошондой эле Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная Горка — Ак-Таш унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болот.

"Айдоочуларга унаа жолдун кооптуу жерлеринен транспорт каражаттарынын аралыгын сактоого чакырабыз", - дешет министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан