Өлкөдөгү аба ырайына байланыштуу Бишкектин көчөлөрүндө кар тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, тазалоо иштери "Тазалык" ишканасы тарабынан аткарылууда.
Маалым болгондой, борбор калаанын 133 көчөсү кардан тазаланып, туз чачылууда. Тазалоо иштерине 32 унаа, кар тазалоочу 26 МАЗ унаасы, 1 кум чачуучу ЗИЛ-130 унаасы, 2 жүктөгүч, 4 универсалдуу унаа тартылды. Андан тышкары 40 жумушчу, 628 көчө шыпыргычтар ишти аткарууда.
"Урматтуу шаар тургундары, эгер сиздер көчөлөрдө кар тазаланбай жатканына күбө болсоңуз 0554 182 185 номерине байланышууну өтүнөбүз", - дешет мэриядан.