Мал издөөдөн эринген адам Ысык-Көлдүн жээгиндеги камышка өрт койду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү саат 15:00 чамаларда Тоң районуна караштуу Боз-Бармак участкасында көлдүн жээгиндеги камыш күйүп жатканын кайгуулда жүргөн туристтик милиция кызматкерлери байкаган. Ал жерге өрт өчүрүүчүлөр чакырылып, аларга милиция жардам берип, өрт өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон бир гектардан ашык аянттагы камыш күйүп кеткен.
Туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери тарабынан көпкө узабай, камышты өрттөгөн адам кармалган. Ал Балыкчы шаарынын 62 жаштагы тургуну М.Д. аттуу адам болгон. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, 3 бодо малы камыштардын ичине кирип кетип, аларды издөө максатында камыштарга өрт койгонун айткан.
Окуяга юридикалык баа берүү үчүн, материалдар Тоң РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.