Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуясынан улам айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 363-беренеси боюнча кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, буга эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук жумушка тартууга же 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салынарын билдирет.
"Жарандарды WhatsApp мессенджериндеги тайпаларга чагымчыл, жалган, такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга чакырабыз жана мындай фактылар боюнча ички иштер органдарына - 102 телефон номуру аркылуу кабарлоону суранабыз. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт жана чагымчыл билдирүүлөрдү таратууга тиешеси барлар жоопкерчиликке тартылат. Урматтуу жарандар, жалган маалыматтарды таратуудан алыс болуп, чагымчылдыкка алдырбаңыздар", - дейт ИИМдин маалыматында.