"Манас" кинотеатрында бүгүн, 21-ноябрда көптөн күткөн "Миллиондук мелдеш" тасмасынын бет ачары башталды. Бет ачар аземинин алпаруучусу Нурзат Токтосунова болду. Ал чыгармачыл топ менен жалпыны тааныштырып өттү.
Айтылгандай эле кечеге казак актёру Саят Исембаев атайын Казакстандан келиптир. Ошондой эле тасманын ачылыш салтанатына Темирлан Сманбеков, Эгемберди Бекболиев баштаган кыргыз актёрлору да келишти.