Сокулукта токмоктолгон 2 жашар бала өткөн айда да сабалып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү Аскат Азарбеков билдирди.
"Ооруканага оор абалда түшкөн бала 19-январда дагы кулагы сынып ооруканага түшкөн. Анда баланы кулап кетти деп коюшкан. Тилекке каршы, бул жараат ириңдеп күчөп кетип, азыр ал жарааты дарыгерлер дарылап жатат", - деди Азарбеков.