Сокулукта 2 жашар баланы токмоктогонго шектелген адамга баланын атасы 60 миң сом карыз болгон. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун аппаратынын өкүлү Аскат Азарбеков билдирди.
"Баланын атасынын өзүнүн дагы документтери жок болгон. Ошондуктан ал укук коргоо органдарына кайрылмак тургай, алардын көзүнө дагы көрүнгүсү келген эмес. Андан сырткары өзүн дагы шектүү сабап, коркутуп келген. Ошондуктан баласынын кордуктары тууралуу айтпай чыдап келген. Бирок бул жолу чыдабай кайрылган", - деди Азарбеков.
Ошондой эле ал баланын атасы шектүүгө 60 миң сом карыз болгонун, ошол акчадан кутулуу үчүн анын колунда иштеп жүргөнүн билдирди.