Криштиану Роналду Инстаграмда эң көп катталуучу топтогон биринчи футболчу болду

"Манчестер Юнайтед" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду Инстаграм тармагында 400 миллион катталуучу топтогон биринчи адам болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү футбол жылдызынан кийин америкалык модель Кайли Женнер 309 миллион катталуучусу менен экинчи орунда турат. Ал эми 3-орунда франциялык ПСЖ клубунун оюнчусу Лионель Месси. Бул футболчуга катталгандардын саны 306 миллионду түзөт.

Эске салсак, Криштиану Роналду 27-августта Италиянын "Ювентус" клубунан "Манчестер Юнайтед" клубуна өткөн. Ал бул клубда буга чейин 2003-2009-жылдар аралыгында да оюн алып барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан