Баткен облусунун Исфана шаарында мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлүп, 3 кылмыштын бети ачылды. Бул туурасында Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришет.
Маалым болгондой, Лейлек РИИБинин кызматкерлери Исфана шаарындагы жергиликтүү тургундарга мал уурулуктун алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
"Жалпысынан 200гө жакын тургундардын мал-жандыктары, техникалары текшерилди. Иш-чаранын жүрүшүндө 3 уурулуктун бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деди маалымат кызматынан.