Өлкөдө инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби бекитилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол койгон.
Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби - инвесторлор менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүдө инвестициялык саясат чөйрөсүндө аныкталган көйгөйлөр менен шартталган.