
"Казакстан темир жолу" улуттук ишканасы "Instant Payments" өнөктөштүгү менен электрондук билеттерди сатуу боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, “Казакстан темир жолу” улуттук ишканасы мындан кийин билет сатуу кызматын кассада жана онлайн сервистер аркылуу өзү аткара турганын маалымдады. Ал эми 2023-жылга чейин жарактуу болгон келишимди жокко чыгаруунун себептери айтылган эмес.
"Instant Payments" компаниясы 2011-жылы негизделген жана бул убакыт ичинде бир нече лидерлерин жана жайгашкан ордун алмаштырган. Ал эми "Казакстан темир жолу" улуттук ишканасы аталган компания менен 2014-жылы келишим түзгөн.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаева "Instant Payments" компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле "Instant Payments" "Казакстан темир жолу" ишканасынан жана агрегатордук компаниялардан 44,8 теңге өлчөмүндө комиссия алган жана февраль айынан баштап аны көбөйтүү пландалганы айтылат.
Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев январда кайра иштетүү акысын чогулткан "Оператор РОП" компаниясын жабууга буйрук берген. Казак басылмаларында бул компанияны Алия Назарбаева менен байланыштырышкан.