Казакстандагы баш аламандык: Казак кримтөбөлү Арман Жумагелдиев кайсы жакта экени айтылды

Казакстанда январь айындагы баш аламандыкта жана кийин тергөө учурунда уюшкан кылмыштуу топтун 18 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Кармалгандардын арасында кримтөбөл, "Дикий Арман" деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиев жана анын кылмыштуу тобунун мүчөлөрү бар.

"Анын куралчан адамдары 24 жаранды күч менен кармап кетишкен. Аларды алгач бир жерден экинчи жерге ташып, сабап, натыйжада бир адам каза болгон.

Мындан тышкары алар 12-шаардык ооруканада мурда катуу сабалган милиция кызматкеринин кызматтык куралын алып кетишкен.

Учурда аталган фактылар боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деген прокуратуранын өкүлү.

Ошондой эле ал социалдык тармакта тарап жаткан Арман Жумагелдиев бошотулду же белгисиз тарапка алып кетти деген маалыматтар чындыкка дал келбестигин кошумчалаган.
"Буга чейин Арман Жумагелдиев ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоо боюнча кармалган болсо, азыркы кезде баш аламандык кошулду. Аталган эки иш бириктирилип, тергөө бизге өткөрүлдү. Ал Улуттук коопсуздук кызматынын СИЗОсунда камакта", - деген прокуратуранын өкүлү Ризабек Ожаров.
Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандагы баш аламандык учурунда кармалган "Дикий Арман" каймана аты менен таанылган кримтөбөл Арман Жумагелдиев абактан качып кетти деген маалыматтар тараган.
Кармалгандардын арасынан 21 адам киши өлтүрүү, уурулук, каракчылык жана тоноо боюнча соттуулугу бар болгон.

Арман Жумагелдиев 7-январда Казакстанда кармалган. Андан кийин ал кыргыз модели Айкөл Аликжанованын жолдошу экендиги айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina00
2022-02-08 09:48:08
Рас болсун камагыла.Айкол квздары мн каякта экен.Ушуга окшогон черныйга ишенип кантип тиет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан