
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жол кырсыгы катталып, бир адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
ӨКМнын маалыматына ылайык, айланма унаа жолдун 29-чакырымында оор жүк ташуучу DAF үлгүсүндөгү унаа менен Toyota Prius үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшкөн.
Жерине Ысык-Ата райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.
Кырсыктын кесепетинен Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 22 жаштагы жигит жеринде каза болду. Куткаруучулар маркумдун денесин унаадан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ошондой эле кырсыктан 25 жаштагы эки жигит жабыркаган. Алар "Тез жардам" унаасы менен Ысык-Ата райондук ооруканасына жеткирилди.