Кыргыз футболчусу Бекназ Алмазбеков "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыгып баштады

Жаштар арасындагы Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Бекназ Алмазбеков Түркиянын белгилүү "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыгып баштады. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Кыргыз футболчусу жакынкы аралыкта негизги курамда дебют жасашы мүмкүн. Ал учурда негизги курамда машыга баштады.

16 жаштагы Бекназ Алмазбеков "Галатасарай" клубунун жаштар курамында ойноп, лидер футболчулардын катарына кирчү.

2020-жылы АФК (Азия Футбол Конфедерациясы) кыргыздын жаш жана таланттуу футболчулары Гүлжигит Алыкулов жана Бекназ Алмазбековду Орто Азиядагы мыкты жаш футболчулардын катарына кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
B.city
2022-02-08 08:47:38
Ийгилик жакшы жанылык
+4
bayern-munchen
2022-02-08 09:53:13
Ото соонун кабар ушул Бекназ Жана Гулжигиттен умут чон
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан