Бүгүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Кайсы райондордо? (тизме)

Бүгүн, 8-февраль күнү Ысык-Көл облусунун айрым аймактарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому билдирди.
"Авариялык өчүрүүнү алдын алуу максатында, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу саат 13:30дан 15:30га чейин Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Чоң-Сары-Ой, Өрнөк айылдарында, 08:30дан 17:00гө чейин Балыкчы шаарынын айрым бөлүктөрүндө, 10:00дөн 16:00гө чейин Каракол шаарынын Ростовский, Пушкин, Гоголь, Бекбоев, Кравцов, Стаханов, Дружба, Маяковский, Харьковский, Мурманский, Элебаев, Островский, Ленинградский көчөлөрүндө электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт", - деп билдиришти "Чыгышэлектрден".
"Чыгышэлектр" ачык акционердик коому кардарлардан убактылуу келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан