"Кыргызча сүйлөшүбүз керек". "Алай" клубунун футболчусунун командалашын куттуктаганы көпчүлүктү кубантты

Оштун "Алай" футболдук клубунун коргоочусу Мустафа Юсупов командалашы Акрам Умаровду туулган күнү менен куттуктаганы көпчүлүктүн мактоосуна татыды.

Мустафа Юсупов командалашын туулган күнү менен куттуктап, куттуктоо сөзүн айтып жатканда командалаштары орусча сүйлөөсүн суранган.

"Орусча куттуктаганым болбой калат, кыргыз тилинде сүйлөшүбүз керек", - деп жооп берген командалаштарына Мустафа Юсупов.

Мустафа Юсупов бишкектик "Дордой" клубунда 10 жылдан ашык ойногондон кийин 2021-жылдын июль айында "Алай" командасына өткөн.

Мустафа Юсупов Акрам Умаровду туулган күнү менен кыргыз тилинде куттуктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bayern-munchen
2022-02-08 09:50:57
ООО Азамат ушул Турктор кыйын калк окшойт Камран дагы турк кыргызча суудай билет Мустафа дагы турк кыргызча билет Азамат патриоттор
+4
Dembele84
2022-02-08 11:40:29
bayern-munchen,туркко тийип ал
-5
muku.85
2022-02-08 12:25:03
Мына чыныгы мекенчилдик, кыргыз деген жазууну паспортко эмес журокко жазып алыш керек, ошондо КР ны алдынкы олкого айлантабыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан