Бишкекте белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, маркумдун сөөгү жылуулук өткөрүүчү түтүктөн (теплотрасса) аныкталды.
Маалым болгондой, куткаруучуларга Үсөнбаев менен Түгөлбай-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, болжол менен 30-35 жаштагы славян тектүү эркек кишинин жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.