Нидерландылык спортчу Ирен Вюст Пекин шаарында өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында 1500 метрге коньки тебүүдө алтын медаль утуп алды жана беш кышкы Олимпиадада алтын уткан тарыхтагы биринчи аял спортчу болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, буга чейин Вюст 2006-жылы Туринде, 2010-жылы Ванкуверде, 2014-жылы Сочиде жана 2018-жылы Пйоңчаңда өткөн Олимпиада оюндарында алтын уткан.
Бул жарышта экинчи болуп япониялык Михо Такаги келсе, үчүнчү орунду кайрадан эле нидерландылык Вюст Антойнетте де Йонг ээледи.