Режиссёр жана актриса Ырыс Жоомартова Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөттү. Тагыраагы, ал Свердлов шайлоо округу боюнча бир мандаттуу депутаттыкка талапкер болду. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы тастыктады.
Ал эми режиссёр өзү дагы талапкерлигин койгонун ырастап, буларга токтолду.
"Көп жыл Чүй университетинде, Кыргыз улуттук университетинде мугалимдик кесипти аркалап келдим. Кыргыз өлкөсүнүн келечеги болгон миңдеген студенттерди уядан учурдук, жакшы тарбиябызды бердик", - дейт режиссёр.
Белгилей кетсек, Ырыс Жоомартова "Шаардык келин Шарапат", "Айылдык келин Алёнка", "Сүйүнчү, чоң апам эгиз төрөйт" жана башка тасмаларга режиссёрлук кылган.