Владимир Путинге Орусиядагы мигранттарга карата мыйзамдарды катаалдантуу сунушталды

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастыркин президент Владимр Путинге миграция мыйзамдарын катаалдантууну сунуштады. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Александр Бастыркин мигранттарга мыйзамдарды катаалдантпаса алардын ортосундагы жаңжалдар күчөп, массалык башаламандыктарга айланып кетиши мүмкүн экенин белгилеген. Ошондой эле ал 2021-жылы мигранттар 33 миңден ашуун кылмыш жасалганын билдирген.

"Орусиянын Тергөө комитетинин катында Кыргыз өлкөсү, Өзбекстан жана Тажикстандан келген эмгек мигранттары, анын айтымында "абалды курчуткан" агрессивдүү эмгек мигранттары тууралуу айткан. Мындан тышкары Александр Бастыркин эмгек мигранттары тиричилик кызмат көрсөтүү чөйрөсүн монополиялап жатканына "олуттуу тынчсызданып" жатканын билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги 2021-жылы Орусияда мигранттар тарабынан жасалган кылмыштардын саны 5,9 пайызга көбөйгөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Birimdik5555
2022-02-08 11:52:28
Катаалдантты го дагы эмне кылыш керек экен, январда учуп келип 6940р га медосмотрдан оттук, эми 1200го отпечатка пальцы тапшырабыз
+6
Gulina00
2022-02-08 12:33:34
Бул доодурдун кылаарга иши жок ушуну ойлоп тааппы.Итак катаал болуп калды.
+5
Shbdn
2022-02-08 13:03:52
Аллахым алыста жүргөн ар бир мусульман уул кыздарыбызды сактай көр.бир кумалаки бир карын майды чиритет дегендей.айрым акылсыз ойу жоктордун айынан баардык мигранттар кыйналып жатат.ошол мушташып тиштешкендер баардык мигранттардын ырыскысынан ажыратып жатасыңар.акылынарга келгиле иштейм деп баргандан кийин иштегиле иштебесенер келгиле да өз жеринерге.
+4
Fernando_Torres
2022-02-08 14:11:40
Shbdn,Акчан башында калсын патиреот болгула же негизгиси Эл жерим деп душманга тике кара коркпо акчаны орус бербейт Аллах берет мусуьман кучтуу болот давай кайтпагыла тоджик сажигин талкала
-8
Munir81
2022-02-08 18:55:26
Барбай койгула ивандарга
-1
erkegenje
2022-02-08 19:41:26
Башка өлкөлорго барышыбыз керек өзү бийликтегилер США или корей же Япония мен сүйлөшүп көрсө болот эле
0
Rusi79
2022-02-08 20:19:56
Башкаларды билбейм бирок кыргыздар ото эле кенири журушот,талтандап кеттик башыбызга кийи п эле алдык,орустардын пейили кенири да унчукпайт бизге келсин беле эшек кылып минип алсак керек.
Так что кыскыла бекем кысып жургуло бироонун жеринде.
+6
Jelezo
2022-02-08 20:53:34
Кафе,билярд,улак чапмай,ЗАКСка чыкмай бүт эле кыргыздар,ичип алып эки экиден урушкан дагы биздикилер.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан