Урмат Усенов, Самара Каримова катышып... Анталиядагы Чыңгыз Айтматов паркына жазуучунун айкели орнотулду

Түркиянын Анталия шаарынын Муратпаша аймагындагы Чыңгыз Айтматов атындагы паркка залкар жазуучунун айкели орнотулду. Бул туурасында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усенов тарабынан белгилүү болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова дагы катышты.

"Чыңгыз Айтматов атындагы паркка айтылуу жазуучунун айкели орнотулуп, салтанаттуу ачылышы уюштурулду. Долбоордун ишке ашуусуна көмөктөшкөн бардык себепчи инсандарга ыраазычылык билдирем. Мен үчүн мындай дүйнөлүк деңгээлдеги, атагы ааламды аралаган, улуу инсандын саамалыгына күбө болуу чексиз сыймык. Түрк боордошторубуздун Айтматовго болгон сый-урматы бүтүндөй кыргызга кылган бир туугандыгы", - деди ал.

Айкелди орнотуу журналист Барно Усманованын демилгеси. Ал эми эстеликти скульптор Бообек Арыков жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina00
2022-02-08 11:05:53
Ырчылар кок кийбейби,Самаранын атасы каза болгон беле.
+6
Mister-XXX
2022-02-08 16:40:04
Gulina00,Самарага баары бир да...Хайп болсо болду го ага.
+2
Jaka1978
2022-02-08 12:10:36
Самара концерт коюп жүрсө керек,же эс алып
+3
maksel2009
2022-02-08 16:44:57
жаныдагы киши кок кийиптирго болот да
+3
nazira...
2022-02-08 20:00:07
Ал жерден да бир нерсе талашпасын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан