Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев балдары, неберелери менен митингге чыкты. Ал Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде реформа жүргүзүлүшү керек дейт. Бул туурасында музыкант менен байланышканыбызда белгилүү болду.
Айтымында, министрликтеги кадрдык өзгөрүүлөр орун алмашуу менен эле чектелүүдө.
"Митингге балдарым, неберелерим менен чыктым. Министрликте реформа болушу керек, мен мындай талапты мурдатан эле коюп келе жатам. Мекемеде алды 30-35 жылдан бери иштеп келе жаткандар бар. Алар министрликтин бөлүмдөрүн атасынан калгандай ээлеп алып, эч кимди жолотпой келишет. Наамдарды алышып, чиновник болуп алышкан, бирок ишинин жыйынтыгы жок.
Министрлик деген эл менен жуурулушуп, бардык тармакты ийне-жибине чейин билиши керек. Мен кайрылат элем, 30-35 жылдан бери кызматты ээлеп келе жаткандардын баарын иштен алыш керек. Болбосо мурдагы эле система иштей берет, маданият өнүкпөйт. А маданият өнүкпөсө мамлекет өнүкпөйт.
Эмнеге бизден дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылар чыкпайт? Ар бирин - ырчысын, бийчисин, актёр, актрисаларын өз тармактарына коюп, тиешелүү адамдарды дайындаса жыйынтык болот. Мисалы, актёр музыканттарга жетекчи боло албайт да, туурабы?", - деди ал.
Эл артистинин кайрылуусу министр Азамат Жаманкуловдун көз жаздымында калган жок. Ал музыкантка 2-3 күн убакыт керек экенин, баарын талдап жатканын белгилегенин кошумчалады Азыкбаев.
"Министр менин кайрылуума жооп берди. 2-3 күндөн кийин жообун угам. Эгер өзгөрүү болбосо анда митингге чыгууну улантам. Министрликтин алдына чатыр тигип, тамак-ашымды алып барып ошол жерде жашайм", - деди ал.