Жалал-Абадда мал уурдоого шектүү жарандар кармалып, райондук сот тарабынан үй камагына чыгарылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, Сузак РИИБине Таш-Булак айылынын 42 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылы 14-ноябрга караган түнү короосунда байланып турган 2 баш уюн жана 2 баш торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген.
Андан тышкары Ынтымак айылынын 66 жаштагы тургуну да арыз менен кайрылып, 2021-жылы 22-ноябрга караган түнү короосунан 24 баш койду белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин маалымдаган.
Ошондой эле Сузак районунун Гулистан жана Жаңы-Арал айылынын тургундары да 2021-жылдын ноябрь айынан 2022-жылдын 5-январына чейинки аралыкта малын (4 баш уй жана 2 баш торпок) уурдап кеткендигин айтып арызданышкан. Жалпысынан 10 баш бодо мал жана 24 баш кой уурдалып, жабырлануучуларга 600 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.
"Жогорудагы арыздар боюнча 205-берене (уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Сузак районунун 44 жаштагы тургуну Т.Д. жана Жалал-Абад шаарынын 19 жаштагы тургуну С.Т. кармалды. Далил катары 2 баш торпок алынды.
Сузак райондук соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарып жиберилген. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иштер жана сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - дейт маалымат кызматынан.