УКМКнын кызматкеримин деп тургундун 7 миң долларын алдап кеткен адам кармалды

УКМКнын кызматкеримин деп тургундун 7 миң долларын алдап кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрда милицияга Д.Н. аттуу адам арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 24-август күнү А.А. аттуу өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жаран 7 миң долларын алдамчылык жол менен алып кеткенин жазган. Ал акчаны май куюучу станциялардын бирине жумушка орнотом деген убада менен алып кеткен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

Шектүүнүн изи сууй электе Октябрь РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран алдамчылыкка шектелгендиги аныкталып, кармалып тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ma2as
2022-02-08 17:47:25
Иш 24- августа болсо . Шектуунун изи суй электе дейт , андан бери канча ай отту .
+3
zam81
2022-02-08 20:26:00
Биздикилер жазып жатып оздору унутуп койуп жакшы жагына жоруп койотда аягын)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан