Наркологиялык борбордо бир күн. Дарыгер: "Спиртти тамакка катып кирип ичкендер бар" (фоторепортаж)

Бул ирет Республикалык психиатрия жана наркология борборунун дарыгери, нарколог-психиатр Венера Асанбекова өзүнүн кесиби, күнүмдүк жасай турган иши тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

Венера Асанбекова 18 жылдан бери аталган борбордо иштеп келет. Дарыгердин иш күнү эртең менен саат 08:00дө бейтаптарды кабыл алуу менен башталат.

"Дарыгерлер келген бейтапты кабыл алуу учурунда алардын кан басымын, дене табын текшеришет. Документтерин каттап бүткөндөн кийин тиешелүү бөлүмгө жөнөтөбүз.

Бөлүмдүн эшиктери жана терезелери темир тор менен курчалган. Бул дарыланып жаткан бейтаптардын спирттик ичимдиктерден алыс болушун шарттайт. Андан сырткары туугандары тамак алып келген учурда да баштыктар текшерилет. Анткени туугандары да бейтаптарга спирттик ичимдиктерди алып келген учурлар кездешет.

Бөлүмгө келгенден кийин да бейтаптын дене табын текшерип, бир сыйра кароодон өткөрөбүз. Анткени көпчүлүк бейтаптар денесинен жаракат алып, мурду-башы канаган абалда түшүшөт.

Бейтапты палатага жаткыргандан кийин алардын абалына жараша тамчылатма дары саябыз. Дарынын курамында организмдеги уулуу заттарды жок кылуучу жана аны азыктандыруучу заттар бар. Негизинен бир адамга бир күндө бир ирет тамчылатма дары сайылат.

Ооруканадан бейтаптарга үч маал ысык тамак берилет. Андан сырткары залда сыналгы жайгашкан. Зериккен бейтаптар шахмат сыяктуу оюндар менен убакыт өткөрө алат. Ошондой эле пенсия курагындагыларга, ооган согушуна катышкандарга атайын жеңилдиктер каралган.

Борбордо 34 миң адам каттоодо турат. Алардын ичинен 4 миң жаран аялдар. 2021-жылы борбордон 9 миңдей бейтап дарыланып чыкты. Бейтаптардын көбү спирттик ичимдиктен жабыркагандар", - деди Венера Асанбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
VENOM
2022-02-08 21:24:56
Ушул жерге досум жатып чыкты эле. Зубная пастаны да алкоголь катары колдонушат экен.
+3
Fernando_Torres
2022-02-08 21:35:06
VENOM,ошолда алтынга ороп бекитип койсонда нарагында ыйманы жок Адам иче берет Ааламды суу каптаса деле кебироно ошол жагат ошон учун Барысы келип Ыйман динге такалат Ыйман дин Аллах намаз таза коом ошол Бактулулук динде жатат башка жакта жок издесенда таппайсын Бактулу болом арамдан арылам деп барганда бирок эмне тапты жакшылык Тапкан жок турабы таппаганы ошолда кайра харамды ичип чыгат коруннуп туратко
-2
ErkinOkenovich
2022-02-09 11:09:40
Fernando_Torres,Ассалому аллейкум ( . , ) каяка кетишкен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан