Валентина Шевченко интернетке 14 жыл мурун түшкөн сүрөтүн жарыялады

UFC уюмунун чемпиону, сап башындагы мыкты мушкери, кыргыздын сыймыгы Валентина Шевченко Фейсбук баракчасына 14 жыл мурун түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Мушкер айым социалдык тармакка үйүндөгү эски сүрөттөрдү караганды жакшы көрөрүн жазган.

"Үйүмдөгү эски сүрөттөрдү караганды жакшы көрөм. 2007-жылы тай бокс боюнча чемпиондукка чейин. Таразага бир нече күн калганда аябай жеп-ичкиң келет, бирок эң маанилүүсү жеңиш!" - деп жазып калтырган ал.

Белгилүү болгондой, буга чейин Валентина Шевченко championat.com сайтынын сурамжылоосу боюнча UFC'деги эң мыкты мушкер айым аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
souza.j
2022-02-08 20:33:05
Валя
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан