Баткенде наркы 3 миллион 577 миң 420 сомду түзгөн аткезчилик жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматта жызылгандай, “Баткен” бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Кадамжай районунун Галча айылында Мерседес-Бенц 814 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
Текшерүү учурунда унаадан Өзбекстандан чыгарылган тиричилик үчүн идиш-аяк товарлары табылган. Жүктүн жалпы салмагы 8216,56 килограммды түзөт жана тиешелүү документтери жок болгон.
Аталган факты боюнча материалдар Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.