
Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн 15 жаранына жалпы суммасы 1 миллион 195 миң рубль өлчөмүндө иш берүүчүлөр тарабынан төлөнбөгөн эмгек акысын алууга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Ага ылайык, туруктуу жашаган жери жок 8 Кыргыз жараны аныкталып, аларга керектүү жардам көрсөтүлгөн.
Ошондой эле элчилик кыргыз диаспорасынын активисттеринин каржылык көмөгү менен туруктуу жашаган жери жок Кыргыз өлкөсүнүн 4 жаранына мекенине кайтуусуна жардам берилди.
Мындан тышкары элчилик каза болгон 6 жарандын сөөгүн «Жүк-200» менен мекенине жөнөтүүгө консультациялык, юридикалык жана практикалык жардам берди. Өз кезегинде мыйзамга ылайык, алардын жакын туугандарына алардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө кеткен чыгымдары үчүн акчалай компенсация төлөндү.