Техникалык себептерден улам “Миллиондук мелдеш” тасмасы көрсөтүлө элек.
Тасманын режиссёру Сүйүн Откеев көрүүчүлөрдөн кечирим сурап, бир нече мүнөттөн соң башталарын билдирди.
Учурда “Манас” кинотеатрынын чоң залында тасманы тарткан чыгармачыл адамдар менен элдин ортосунда тасма тууралуу кызуу талкуу жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жаӊы тартылган “Миллиондук мелдеш” тасмасынын бет ачары бүгүн, 21-ноябрга белгиленген.