Президент Садыр Жапаров “Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 10-апрелинде жекшемби күнү өтөт.
"Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешине, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешине, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешине, Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылдык кеңешине, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районунун С. Юсупов айылдык кеңешине, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкан айылдык кеңештерине, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаардык кеңешине, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок айылдык кеңештерине, Москва районунун Александровка айылдык кеңешине, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешине депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 10-апрелине, жекшембиге дайындалсын", - деп жазылат маалыматта.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону мыйзамдарга ылайык өткөрүүнү уюштурат.