ЭЛДИК КАБАРга жооп: Баткенде жер семирткичтер эмнеден улам кымбат болуп жатканы айтылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай айылынын тургуну SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө кайрылган.

"Биз дыйкандарбыз. Азыркы учурда жер семирткичтердин баасы өтө кымбат болуп жатат. Мисалы, Амафостун бир мүшөгү 3500 сомдон, мочевина селитрасы мүшөгү 2500 сомдон болууда. Биз тонналанган жер семирткич алышыбыз керек. Дыйкандарга жеңилдик кылып берсе деп үмүт кылабыз", - деген тургун.

Аталган маселе боюнча Айыл чарба министрлигине байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Өлкөгө жалпы керектелүүчү жер семирткичтердин 10-15 пайызы Орусиядан, беш пайызы Казакстандан, калганы Өзбекстандан алып келинет. Сапаты боюнча Орусияныкы жогору турат. ЕАЭБге мүчө болгонубуздун пайдасы Орусиядан чектөөсүз ала алабыз. Тактап айтканда, дыйкандар канча тонна талап кылса, ошончо жер семирткич алып келүү мүмкүнчүлүгү бар.

Негизинен жер семирткичтерге талап февраль айынан тарта апрелге чейин болот. Азыркы учурда бул аралыктын керектөөсүнүн 25-27 пайызы кампаларда бар. Башкача айтканда, 12 630 тонна сакталып турат.

Өзбекстанда минералдык жер семирткич чыгарган эки завод убактылуу оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылгандыктан, бул мамлекеттен ташып келүү учурда солгун жүрүүдө. Бирок келишимдерге ылайык жакында көп көлөмдө алып келе баштайбыз. Ал эми сапаты боюнча республиканын эки аймагында, Чүй облусунда жана Ош шаарында жайгашкан лабораториялардан текшерүүдөн өтүп турат. Баасына Монополияга каршы жөнгө салуу комитети жооп берет", - деп билдиришти министрликтен.

Ал эми Баткен облусу боюнча монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Арзыкул Дыйкановго байланышка чыкканыбызда, учурда жер семирткичтер тартыш болуп жатканын айтты.

"Жер семирткичтер боюнча Баткен шаарында мониторинг жүргүзүп чыктык. Бүгүнкү күндө жер семирткичтер келбей жатат. Биз өкмөткө жер семирткичтерди алып келүү боюнча сунуштарды берип жатабыз. Эртең Кадамжайга барып карап чыгабыз", - деп билдирди Дыйканов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан