"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабыздын бул жолку чыгарылышында "бычагы таш кесип турган", "ит жандуу" жана "коёндун аягын жегендей" фразеологизмдеринин маанисин чечмелеп көрдүк. Бул фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.
Ит жандуу - Чыдамкай, ар кандай кыйынчылыкка, кыйноо-кыстоого туруштук бере ала турган, чыдамдуу. Мисалы: "Оо, ит жандуу кайраным а! Дагы көрдөн туруп келгенби?! - деп жиберди". (Касымбеков).
Бычагы таш кесип турган - Болуп-толуп, күчүнө келип турган өткүр кези деген мааниде. Мисалы: "Баягы бычагы таш кесип турган күлгүн убагы кайда дейсиң?".
Коёндун аягын жегендей - Тынчы жок, бир жерге тынч алып тура албаган, ары-бери ойдологон (көбүнчө балдарга карата айтылат). Мисалы: "Коёндун аягын жегендей жүрөт да, кечинде суй жыгылат".