Ирандын Ахваз шаарындагы күйөөсү 17 жаштагы аялынын башын кесип, аны көтөрүп алып борбордук аянтта ары-бери басып жүргөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, үрөй учурган кылмыш 5-февралда болгон. Күйөөсүнөн Түркияга качып кеткен Мона Хейдари аттуу кыз кайра Иранга алып келинген. Кыздын атасы күйөө баласына кызын алып келүүгө жардам берген. Андан кийин күйөөсү жана анын иниси үй-бүлөгө көлөкө түшүргөн кызды өлтүрүүнү чечишип, аянтта кыздын башын кесип, аны көтөрүп жүрүшкөн.
Шектүүлөр кылмыш жасагандан кийин бир нече саат өткөндө кармалган. Жергиликтүү бийлик аялынын башын кесип алып көтөрүп жүргөн видеону жайылтууга тыюу салган.