"Пекин-2022": Спортчулар Олимпиаданы уюштуруу иштерине нааразы болуп, аларга берилген тамактын сүрөтүн жарыялашты

Кытайдын Пекин шаарында өтүп жаткан Олимпиадада карантинге алынган чет элдик спортчулар мейманканалардагы тамак-аштын шарттарына жана сапатына нааразы болушууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Германиянын, Бельгиянын жана Орусиянын спортчулары начар интернет, начар тамактануу жана Пекиндеги карантинге алынган спортчулар жайгашкан мейманканаларда машыгуу шаймандарынын жетишсиздиги сыяктуу жагымсыз жагдайларга туш болгонун айтып чыгышкан.

Фитнес үчүн шаймандардын жетишсиздиги жана өз командалары менен байланыша албагандыгы мелдеш алдында өзүн мыкты формада кармоого аракет кылган спортчулар үчүн өзгөчө көйгөй жаратып жатканы белгиленген.

Ал арада Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) Пекиндеги Олимпиадада карантинге алынган спортчулардын шарттары жана тамактануусу жакшырат деп убада кылды.

Белгилей кетсек, XXIV Кышкы Олимпиада оюндары Кытайдын Пекин шаарында ушул тапта өтүүдө. 4-февралда башталган Олимпиада 20-февралга чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rususu
2022-02-09 17:03:08
Теги жарганаттын этин берелек бекен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан