Токмок шаарында саунага жашырынып иштеген бир нече интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканалар табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-февралда Токмок шаарында 24 жаштан 39 жашка чейинки 13 интимдик кызмат көрсөткөн кыз-келиндер аныкталган. Сауналардын бирине жүргүзүлгөн тинтүү учурунда сумканын ичинен пневматикалык тапанча жана электрошокер алынган. Аларды каттоого алуу жана тиешелүү териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Токмок ШИИБине жеткирилишкен.
Мындан тышкары, 1970-жылы туулган Л.Н. жана 1956-жылы туулган Х.З. аттуу аялдар көңүл ачуучу жайды уюштурууга шектелип кармалышты. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.