Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV кышкы Олимпиада оюндарында Швеция медалдардын саны боюнча кайрадан алдыга чыкты.
Бүгүн, 9-февралда Бишкек убактысы боюнча саат 10:10го карата Швеция 4 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунда Нидерланды 3 алтын, 3 күмүш жана 1 коло медалы менен жайгашса, үчүнчүдө Кытай курамасы 3 алтын, 2 күмүш медалы менен келе жатат.
Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан Максим Гордеев катышууда. Ал 16-февраль күнү жарышка түшөт.