Ички иштер министрине санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча жаңы орун басар дайындалды

ИИМге санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча орун басар болуп Сүйүнбек Ниязбеков дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, орун басар ички иштер органдарынын санариптештирүү жана маалыматташтыруу маселелерин көзөмөлдөйт.

Ал эми министр Улан Ниязбеков дайындоонун багытын жана максатын кыскача түшүндүрүп кетти.

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, президентибиздин санариптик өнүгүү, заманбап чакырыктарга туруштук берүү, коомдук коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыздоо багыттарын камтыган жарлыктарынын негизинде министрлер кабинетинин токтомунун алкагында аталган кызмат орун киргизилди", - деп түшүндүрдү Ниязбеков.

Сүйүнбек Ниязбеков 1969-жылы Нарын шаарында туулган.

Ички иштер органдарында кызмат өтөөнү 2001-жылы баштаган. ИИМдин ички иликтөө кызматында жетекчилик кызматтарда иштеген. Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилген убакта Бишкек шаарынын комендатынын орун басары болуп кызмат өтөгөн.

2020-жылдын февралынан тартып азыркы учурга чейин ИИМдин маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын начальниги кызматында иштеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан