Бүгүн, 21-ноябрда белгиленген "Миллиондук мелдеш" тасмасы көрүүчүлөргө дале көрсөтүлө элек. Белгилүү болгондой эле буга техникалык катачылык себеп. Көрүүчүлөрдү зериктирбейин деген тасманын башкы каармандарынын бири, казак актёру Саят Исембаев көрүүчүлөрдүн алдына чыкты. Саят: “Биринчиден, мен Сүйүн Откеевди бүгүнкү кечеси менен куттуктагым келет. Анан элге кайрыларым, бир аз күтө туруӊуздар. Техникага ишенип болбойт. Ал эми тасма туурасында көрүп бүткөндөн кийин сүйлөшөбүз”,- дейт тасма жылдызы. Саят мырзага улай алпаруучу Нурзат Токтосунова “рэкетир" айтты, демек, ошондой болот” деп тамашалай кетти.