АКШнын Пенсильвания университетинин окумуштуулары жапайы бугулардан коронавирустун омикрон штаммынын антителолорун табышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окумуштуулар Статен-Айленд аймагындагы 131 бугуга тест өткөрүп көрүшкөн. Жыйынтыгында 19 бугудан коронавирустун омикрон штаммы аныкталган. Андан соң башка аймактарда, тагыраагы 15 штаттагы бугулардан да табылган. Ал эми бул жаныбарлар COVID-19 вирусун адамдардан жуктуруп алганы маалым болгон.
"Учурда вирустун жаныбарлардан адамдарга жугат деген далил жок. Бирок окумуштуулар жаңы штамм жаныбарлар арасында жайылып кетиши мүмкүн деп кооптонушууда", - деп айтылат маалыматта.