Бишкекте опузалап пара алуу фактысы боюнча Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Жазаларды аткаруу кызматынын 47-ТМ улук ыкчам кызматкери, аскер бөлүгүнүн капитаны “О.И.К.” опузалап пара алууга шек саналып кармалган. Ал кызмат абалынан пайдаланып, 47-ТМ абагында жазасын өтөп жаткан соттолгон А.А.Х. аттуу жаранды коркутуп, акча талап кылганы аныкталган.
Белгиленгендей, шектүү 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын 28-январына чейин соттолгон адамды башка түзөтүү абагына котором, абактагылар өлтүрүп коюшу мүмкүн деп коркутуп, пара талап кылып турганы айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 343-беренесинин 1-бөлүгү "опузалап пара алуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.