Бишкекте Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаа менен Орозбеков жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде унаасын туура эмес жерге токтотконун айткан адамды чаап жиберген айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
"Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаанын 1986-жылы туулган С.Н. аттуу айдоочусу аныкталып, туура эмес токтоткондугу жана жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу үчүн эки протокол толтурулуп, унаасы айып короо жайына токтотулуп, өзү андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, милициянын нөөмөт бөлүмүнө жеткирилди", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Видеодо көрүнгөндөй, жол тандабастын айдоочусу жолдун ортосуна токтоп, башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан. Андан кийин ага унаасын туура эмес токтоткондугун айткандыгы үчүн анын телефонун чаап жиберген.