Нарында мал уурдоого шектелип 32 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, ал уурдалган малды союп, этин базардан сатып жиберген.
Нарын районунун тургуну 1977-жылы туулган Н.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган. Анда ал 2021-жылдын 24-декабрынан 25-декабрына караган түнү белгисиз себептер менен 1 баш малы (уй) короодон чыгып кеткен бойдон жок болуп жатканын айтып, табышууга көмөк көрсөтүүнү суранган.
Аталган билдирүү Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынган. Кылмышка шектелип Нарын районунун 1988-жылы туулган тургуну кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.
Сурак учурунда шектүү уурдалган малды союп, этин Бишкектеги базарлардын биринде сатып жибергенин билдирген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.