Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков бишкектик "Алга" футболдук клубуна өттү. Бул тууралуу "Алга" клубунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы футболчу "Алга" клубуна эркин агент катары өткөн. Клуб дарбазачы менен бир жылга келишим түздү.
Кутман Кадырбеков өткөн сезонду "Дордой" футболдук клубунда өткөргөн. Ал былтыркы сезондо жалпы 17 оюнга катышкан.