Чүйдө 56 жаштагы адам бычакталып көз жумду. Шектүү камакка алынды

Чүй облусунда оор кылмышка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринен ээси жок унаа табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө-ыкчам тобу ээси жок Тойота Лэнд Крузер Прадодон 100 метр алыстыктан киши колдуу өлтүрүлгөн адамдын жансыз денесин табышкан.

Өлгөн адамдын аты-жөнүн такташканда ал 56 жаштагы О.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну экендиги белгилүү болгон. Териштирүү учурунда ал 2022-жылдын 7-февралынан бери Бишкектин Свердлов районунда дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болгону маалым болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Киши өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Чүйдүн 33 жаштагы Т.А. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү менен маркумдун ортосунда чыр чыгып, аягы Бишкектин тургунунун өлүмү менен аяктаган.

Ошондой эле шектүү маркумдун фермасына барып, мажбурлоо жолу менен 30 букасын жүктөп кеткен.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан