Жалал-Абад шаарында түнкү убакта ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөдө жүргөн балдарды аныктоо жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Ага ылайык, шаар аймагындагы кафе-ресторан, компьютердик клубдар текшерүүгө алынды.
Рейддин жүрүшүндө 15 өспүрүм аныкталып, ата-энелерине жана балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери 3 өспүрүмгө кылмыш иши козголгон.