Ош шаарында кызды бычактап, андан соң көмүп салганга шектелген жаран менен маркум бир окуу жайда окушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү Ноокат районунун тургуну.
Ош ШИИБи шектүү кызды кантип өлтүргөнүн кыскача видеого тарткан. Анда шектүү окуя кандай болгонун көрсөтүп берген. Видеодо шектүү бул иш кокустан болуп кеткенин, кызга бычак сайган убакта нес абалда болгонун айткан.