Баткенде Кыргыз жаранын өлтүрүүгө шектелип Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Исфана шаарынын 35 жаштагы тургуну милицияга 58 жаштагы Э.А. аттуу атасы чайкана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип кайрылган. Тергөө тобу чайканага келип кароо жүргүзгөндө, көмүр сактоочу жайдан таштандылардын арасынан киши колдуу каза болгон Э.А. аттуу адамдын жансыз денеси табылган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн Тажикстандын Согди облусунун Исфара районуна караштуу Ханобад айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы Х.А. аттуу тургуну кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү Х.А. мурда Өзбекстанда оор кылмыш жасап соттолгондугу жана Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги белгилүү болгон.
Азыр кылмышка шектүү Х.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.