Куудул Рысбек Жантөрөев жеке концертин берүүнү пландоодо

Куудул Рысбек Жантөрөев ушул жылдын 29-декабрында жеке концертин берүүнү пландоодо. Бул тууралуу куудул бүгүн, 21-ноябрда  SUPER.KG порталына билдирди.

Жаңы жылга арналып уюшулуп жаткан концерт өзгөчө болот. Жаңы сатиралар, жаңы тамашалар ойнолот. Мен “Ар бир айдын алтысы” долбооруна катышып, эл менен концерт берип жүрүп, жеке концертимди бере элегиме көп болуп кетиптир”,-дейт куудул.

Андан тышкары концертте эркек менен аялдардын образдарын чагылдырууда да өзгөчөлүк болорун кошумчалайт куудул. “Бул концертте мен жалгыз эмес, жубайым менен чыгам. Мурун биз эркектер жоолук салынып алып, аял кишинин ролун аткарчубуз. Бул жолу аялга тиешелүү образдарды жубайым Анара Кийикбаева аткарат”,-дейт Рысбек мырза.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
eldish12
2013-11-21 16:25:50
aa jakshy brat
0
zarlyk2211
2013-11-22 02:54:51
Ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан