
Бишкекте каракчылыкка шектелип 4 жигит кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 31-январь күнү милицияга борбордун тургуну К.Т. аттуу 4 белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 31-январда саат 02:30 чамасында көчөдө бычак менен коркутуп, iPhone X үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, андан соң белгисиз тарапка из жашырып кетишкенин айткан.
Аталган факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "каракчылык" менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ж.У., 2003-жылы туулган Х.С., 2004-жылы туулган С.Ч., 2003-жылы туулган С.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына жөнөтүлгөн.
Бишкектин Свердлов тергөө соту тарабынан 3 айыпкер (ред.: Х.С., Ж.У., С.Н.) үй камагына алынган. Ал эми бир айыпкер (ред.: С.Ч.) Бишкек шаарынын №21 тергөө изоляторуна камакка алынган.